Жыл сайын өткөрүлчү «Кайрымдуулук жаса» кайрымдуулук акциясы

Жыл сайын өткөрүлчү «Кайрымдуулук жаса» кайрымдуулук акциясы
04.07.2018 Ар бир жылы Жаңы жылдын алдында, тармактын бардык дүкөндөрүндө «Кайрымдуулук жаса» кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Биздин кардарлар физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эң керектүү буюмдарды чогултууга жардам беришти. Сиздердин жардамыңыздардын натыйжасында, урматтуу кардарлар биз балдарга жаңы жылдык белектерди жана алар муктаж болгон буюмдарды бере алдык. Биздин компания тарабынын чогулгандарга кошумча 20 куту жаңы кийим-кече, оюнчук жана албетте азык-түлүк продукту берилди.
Чогултулган жардам төмөнкү уюмдарга берилди:
  • «Явна» Кайрымдуулук Фонду, Кара-Балта ш.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү, Шопоков ш.
  • «Мээрим булагы» үй-бүлөлүк балдар үйү, Ысык-Көл
  • Аялдар монастрынын социалдык кызматы (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 50 бала), Балыкчы ш.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Сокулуктагы коомчулугу
  • Борбордук нерв системасы жана психикасы бузулган балдарды реабилитациялоонун республикалык адистештирилген борбору, Токмок ш.
  • Жетимдерди коргоо жана колдоо көрсөтүүнүн бирдиктүү борбору
  • ОБФ «Help the children-SKD»
  • Муктаждыкка ээ болгон 500гө жакын балага эсептелген Ош шаарындагы 10 ата-эне уюму.
Урматтуу кардарлар, келгиле «Кайрымдуулук жасоону» жана балдарга кубанычты, жылмаюну тартуулоону жана кам көрүүнү уланталы!
Биздин кайрымдуулук акциябызга катышкан ар бир катышуучуга ыраазычылыгыбызды билдиребиз
Биз биргеликте балдарга кубаныч жана кам көрүү тартуулай алдык! Жаңылыктардын тизмесине кайтуу