Жарнама берүүчүлөргө

«Народный» соода үйү ЖЧКсы – бул «Народный» дүкөндөрүн жана Globus тармагын жетектеген, Кыргызстандын рыногундагы көлөмдүү FMCG оператору.

Азыркы учурда «Народный» дүкөндөр тармагы – бул «үйдүн жанында» форматындагы 33 дүкөн. Бишкекте 28 дүкөн, Кара-Балта (Ново-Николаевка), Кант, Токмок, Чолпон-Ата, Бостери шаарларында бирден дүкөндөр жайгашкан.
Күн сайын «Народный» дүкөндөр тармагында 85000ден ашуун кардарлар сатып алуу жүргүзөт. Биз – бардык бизнестин түрү үчүн зарыл болгон аудиторияга ээ коммуникациянын эң эффективдүү каналыбыз. Биздин кардардын портретин кенен диапазондо сүрөттөөгө болот. Кардар болуп көбүнчө 18ден 75 жашка чейин «орто-», «орто», «орто+» катмар болуп саналат.

Кардарлардын ишмердигинин түрлөрү дагы көп түрдүү – булар студенттер, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, жеке компаниялардын менеджерлери, үй кожойкелери жана пенсионерлер.

«Народный» дүкөндөр тармагынын ыңгайлуу жайгашуусунун натыйжасында, сунушуңузду аймактар боюнча бөлүү мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Биз жарнама берүүчүлөргө жарнама берүүнүн түрдүү мүмкүнчүлүктөрүн сунабыз. Пайда болгон суроолоруңузга кененирээк ДМП менеджери Элина Абдасова жооп берет.
Байланыш каражаттары: +996 (502) 011-749; e.abdasova@market.kg