Жабдуучуларга

Сизде товар бар болсо, бизде кардар бар!
Сиздин кызыктуу коммерциялык сунушуңуз барбы жана сиз аны эмне кылууну билбей жатасызбы. Өзүңүздүн товарыңызды сатууну каалайсыз, бирок кимге жана каерде сатууну билбей жатасызбы?
«Народный» соода үйү ЖЧКсы сизге жардам берет! Биздин тармакта жаңы товарлардын пайда болуусуна, ал эми товарлар менен бирге жаңы өнөктөштөрдүн пайда болуусуна кубанычтабыз.

Биз үчүн маанилүү!
 
Өнөктөштүн биринчи кезекте чынчыл, ишенимдүү, мыйзамды сактаган жана жогорку адис болуусу өтө маанилүү!

Бизге жолугушууга келе жатып, төмөнкүлөрдү алууну унутпаңыз:
  • Сатып алуу баалары көрсөтүлгөн ассортимент боюнча сунуштар;
  • Ылайыктуулук сертификаттары жана Сиздин ишмердигиңизди жөнгө салган бардык документтер;
  • Сиздин товарыңызды биздин тармакта жүгүртүү боюнча сунуштар;
  • Продукциялардын үлгүлөрү.