Сапаттарды контролдоо системасы

«Народный» соода үйүнүн санитардык контрол бөлүмүнүн жетекчиси Мухтасар Азимходжаевага суроо бердик.

Санитардык контроль бөлүмүнүн милдети эмне?
Алгач бөлүм дүкөндөрдү санитардык абалын текшерүү менен алектенген: соода залдарынын, жабдыктардын тазалыгы, товарлардын жанаша коюлуусунун ылайыктуулугу, кызматкерлер тарабынан санитардык ченемдердин жана гигиенанын сакталышы. Б.а. биз санэпидемстанцияны күтпөйбүз. Өзүбүз жума сайын дүкөндөрдү текшерип, дүкөндөрдүн директорлоруна эреже бузууларды жоюу боюнча сунуштарды беребиз. «Народный» соода үйү өзүнүн лабораториясына ээ. Ал биринчи кезекте Жеке өндүрүштүн продукциясынын сапатын көзөмөлдөйт.
Жеке өндүрүштүн сапатын текшерүү кантип жүргүзүлөт?
Чыгарылган продукциянын ар бир партиясы күн сайын сапатты текшерүүдөт өтөт. Жеке өндүрүштүн ар бир продуктусунун ар бир партиядагы үлгүсү бул продукт сатылуусу зарыл болгон өндүрүш шарттарында сакталат. Жарамдуулук мөөнөтү бүткөн күн бул үлгүлөр лабораторилык изилдөөлөрдөн өтүп, бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы технологдорго берилет. Эгер продукттун сапаттык көрсөткүчтөр өзгөрсө, анда технологдор продуктту жарамдуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин өзгөрүүсүз калтырганга аракет жасашат.

Лаборатория продуктту сатууга чыгарбаган учурлар болдубу?
Ооба, мындай учурлар болгон. Лаборатория сапаттуу продукцияны сатууга гана уруксат берет.

Бирок сапатсыз продукцияны сатып алган учурлар болот го?
Жеке өндүрүштүн товарын кайтаруу же ага даттануу ар бир учурда кылдаттык менен иликтенет, товардын бузулуусунун себептери аныкталат. Биринчи кезекте жеке өндүрүштө сакталган ошол партиянын, ошол продукттун үлгүсү, органалептикалык өзгөчөлүгү жана лабораториялык изилдөөлөр текшерилет. Андан ары өндүрүштө анын бузулуу себеби же өндүрүштөн сырткары жерде бузулуу себеби, бул продукция алып келинген машинанын температурасы, товар сатылган учурда муздаткычтын температурасы текшерилет. Андан кийин бардык бул себептер жоюулат. Эгер продукттун бузулуу себеби өндүрүш технологиясында болсо, анда бул учурда бардык партия бүтүндөн тармактан алынат. Берүүчүлөрдөн алынган чийки заттар лабораториялык изилдөөлөрдө изилденет жана эң мыкты сапаттуу чийки заттын ишенимдүү берүүчүсү тандалып алынат.

Берүүчүлөрдүн продукту кантип текшерилет? Дүкөндөрдө сатылган бардык продукцияны текшерүү үчүн лабораторияда ресурстар барбы?
Продукцияны биз сатып алуучулардын даттануусу боюнча же шектүү сапаттагы продукция боюнча текшеребиз. Калган учурда биз бул товардын коштомо кагаздарына ишенебиз. Эреже катары, булар сапаттын сертификаты, ылайыктуулук сертификаты ж.б. Биз берүүчүлөрдүн дагы лабораториялары же дүкөнгө алып келгенген чейин алардын продукциясынын сапатын текшерген лабораториялары болушунан үмүттөнөбүз.