Вакансиялар

Вакансиялар
баарын тазалоо
Вакансиялар
баарын тазалоо
Загрзука...
Дүкөндүн администратору
Талаптар:
 
  1. Ушул тармакта иштөө тажрыйбасы 1 жылдан баштап;
  2. 1С, MS Office, Excel`де эркин иштей алуусу;
  3. ККМ аппаратында иштөө көндүмдөрү, кассалык тартипти билүү;
  4. Маркетинг жана мерчендайзингдин негиздерин билүү;
  5. «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билүү;
  6. Натыйжа үчүн иштөөнү, компания менен бирге өнүгүп-өсүүнү каалоосу.
Милдеттери:
 
  1. Сатып алуучулар менен иштөө: консультация берүү, талаштуу маселелерди чечүү, сатуу процессин ишке ашыруу, кардарларды кассада тейлөө;
  2. Кызматкерлердин иш тартибин иштеп чыгуу жана макулдашуу;
  3. Товарларды жайгаштырууну, сактоочу жайларда орун алмаштырууну көзөмөлдөө;
  4. Товарларда баа белгилеринин болушун, алардын актуалдуулугун көзөмөлдөө;
  5. Товарларды кабыл алуу, кайтарып берүү, эсептен чыгаруу, кайра баалоо жана резервдөө операцияларын тейлөө;
  6. Жумушчулардын сырткы келбетинин стандарттарынын жана тейлөө стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө.
Иштөө шарттары:
 
  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каттоо;
  2. Толук социалдык пакет;
  3. Карьералык жактан өсүү;
  4. Компаниянын эсебинен түштөнүү;
  5. Атаандаша алгыдай айлык акы;
  6. Алдын ала 2 жума окутуу каралган.
Сурап-билүү телефондору: (0701) 11 04 34, (0701) 11 04 39, (0701) 51 90 43, (0701) 57 00 29. 

Резюмеңизди rezume@market.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасына: “Дүкөндүн администратору” деп көрсөтүңүз.
 
Дүкөндүн кассири
Талаптар:
 
  1. Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
  2. Коммуникабелдүүлүк, кардарлар менен иштей билүү;
  3. Окууга жөндөмдүүлүк, стресске туруктуулук;
  4. Тажрыйба талап кылынбайт.
Милдеттери:
 
  1. Акча каражаттарын эсепке алуу (накталай жана накталай эмес);
  2. Кассалык аппарат менен иштөө (ККМ, POS терминал);
  3. Банкноттордун жасалма эместигин текшерүү;
  4. Кардарларды кассада тейлөө: консультация берүү, сатуу процессин ишке ашыруу.
  5. Кассанын аймагында тазалыкты жана тартипти көзөмөлдөө;
  6. Товарлардын жарактуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө.
Иштөө шарттары:
  1. Бизде иштөө менен сиз буларга ээ болосуз:
  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий каттоо;
  3. Туруктуу киреше;
  4. Толук социалдык пакет (ооруп калууда жана эмгек өргүүсүндө акы төлөө, ишинин экинчи жылынан баштап эмгек тажрыйба);
  5. Карьералык тепкичин көтөрүү мүмкүнчүлүгү;
  6. Алдын ала 4 күндүн ичинде окутуу каралган;
  7. Эгер сиз студент болсоңуз – анда бул окууну үзгүлтүккө учуратпай туруктуу иштөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк (күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер үчүн – түнкү нөөмөт, сырттан окуу бөлүмүндө окуган студенттер үчүн – күндүзгү жумуш графиги).
Сурап-билүү телефондору:  (0701) 11 04 34, (0701) 11 04 39, (0701) 51 90 43, (0701) 57 00 29.

Резюмеңизди rezume@market.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасына: “Дүкөндүн кассири” деп көрсөтүңүз.
 
Дүкөндө сатуучу-консультант
Талаптар:
 
  1. Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
  2. Коммуникабелдүүлүк, кардарлар менен иштей билүү;
  3. Окууга жөндөмдүүлүк, стресске туруктуулук;
  4. Тажрыйба талап кылынбайт.
Милдеттери:
 
  1. Товарларды текчеге коюу;
  2. Товарлардын жарактуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө;
  3. Өзүнүн бөлүмүндөгү товарлардын болушун көзөмөлдөө;
  4. Текчелерди таза кармоо;
  5. Товарларда маркировкалардын, баа белгилеринин болушун жана шайкештигин текшерүү;
  6. Кардарларды компаниянын стандарттарына ылайык тейлөө;
  7. Товарлардын коопсуздугун көзөмөлдөө.
Иштөө шарттары:

Бизде иштөө менен сиз буларга ээ болосуз:
 
  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий каттоо;
  2. Туруктуу киреше;
  3. Толук социалдык пакет (ооруп калууда жана эмгек өргүүсүндө акы төлөө, ишинин экинчи жылынан баштап эмгек тажрыйба);
  4. Карьералык тепкичин көтөрүү мүмкүнчүлүгү;
  5. Алдын ала 4 күндүн ичинде окутуу каралган;
  6. Эгер сиз студент болсоңуз – анда бул окууну үзгүлтүккө учуратпай туруктуу иштөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк (күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер үчүн – түнкү нөөмөт, сырттан окуу бөлүмүндө окуган студенттер үчүн – күндүзгү жумуш графиги).
Сурап-билүү телефондору: (0701) 11 04 34, (0701) 11 04 39, (0701) 51 90 43, (0701) 57 00 29. 

Резюмеңизди rezume@market.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасына: “Дүкөндө сатуучу-консультант” деп көрсөтүңүз.

 
Тазалоочу
Талаптар:
 
  1. Жашы 18ден өйдө;
  2. Тыкандык;
  3. Тазалык.
Милдеттери:

Залды таза кармоо.

Жумуш шарттары:
 
  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каттоо;
  2. Толук социалдык пакет;
  3. Ооруп калууда жана эмгек өргүүсүндө акы төлөө;
  4. Кварталдык сый акы;
  5. Компаниянын эсебинен түштөнүү.
Сурап-билүү телефондору: (0701) 11 04 34, (0701) 11 04 39, (0701) 51 90 43, (0701) 57 00 29. 

Резюмеңизди rezume@market.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасына: “Тазалоочу” деп көрсөтүңүз.
 
Жүк ташуучу жумушчу
Талаптар:
 
  1. 18 жаштан жогорку мырзалар;
  2. Физикалык эмгекке даяр болуу.
Милдеттери:
 
  1. Жүктөө жана түшүрүү иштери;
  2. Товарларды ташуу;
  3. Жетекчиликтин тапшырмаларын аткаруу;
  4. Техникалык коопсуздук, өнөр жай коопсуздугу жана санитардык нормаларды сактоо.
Жумуш шарттары:
 
  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каттоо;
  2. Иштөө графиги 6/1, 8:00дөн 17:00гө чейин;
  3. Толук социалдык пакет;
  4. Ооруп калууда жана эмгек өргүүсүндө акы төлөө;
  5. Компаниянын эсебинен түштөнүү.
Сурап-билүү телефондору: (0701) 11 04 34, (0701) 11 04 39, (0701) 51 90 43, (0701) 57 00 29. 

Резюмеңизди rezume@market.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасына: “Жүк ташуучу жумушчу” деп көрсөтүңүз.
 
Кондитер-жасалгалоочу
Талаптар:
 
  1. Орто-атайын кесиптик билим;
  2. Кондитер-жасалгалоочу катары 1 жылдан ашык иш тажрыйбасы;
  3. Кондитердик жабдуулар менен иштөө көндүмдөрү;
  4. Кондитердик азыктардын технологиясынын негиздерин билүү;
  5. Активдүүлүк, тазалык, жоопкерчиликтүүлүк.
Милдеттери:
 
  1. Тортторду же пирожноелерди чогултуу, жасалгалоо;
  2. Кондитердик азыктарды даярдоо;
  3. Жасалгалоонун талап кылынган эрежелерин сактоо;
  4. Тапшырмаларды сапаттуу жана активдүү аткаруу;
  5. Жумуш ордун уюштуруу, тартипти калыбына келтирүү жана сактоо;
  6. Ундан жасалган жана кондитердик азыктарды өндүрүүдө санитардык-гигиеналык шарттарды сактоо.
Иштөө шарттары:
 
  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каттоо;
  2. Толук социалдык пакет;
  3. Карьералык жактан өсүү;
  4. Компаниянын эсебинен түштөнүү;
  5. Атаандаша алгыдай айлык акы.
Сурап-билүү телефондору: (0701) 11 04 34, (0701) 11 04 39, (0701) 51 90 43, (0701) 57 00 29.

Резюмеңизди rezume@market.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасына: “Кондитер-жасалгалоочу” деп көрсөтүңүз.