Эмгекти коргоо

«Эмгекти коргоо» кызматы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык бардык мекемелерде болуусу зарыл болгон маанилүү түзүмдөрдүн бири.

Бүгүн «Народный» соода үйү ЖЧКсынын «Эмгекти коргоо» кызматынын жетекчиси Жунушев Бакыт Алиевичке суроо бердик.





«Народный» соода үйү ЖЧКсында эмгекти коргоо кызматы канча убакыттан бери бар?
Компания түзүлгөндөн баштап. Албетте биздин компания көп жылдык ишмердигинде кеңейди. Себеби 5 жыл мурун биздин компания 1000 кызматкерге эсептелген, ал эми азыркы күндө 2000ден ашуун кызматкер иштейт.

«Эмгекти коргоо» кызматы эмне кызмат аткарат?

Бир жолу биздин кызмат бир сөз менен айтканда эмне кызмат көрсөтөт деп сурашкан. Бирок бул мүмкүн эмес, бир сөз менен айтуу мүмкүн эмес. Биздин кызматтын бир нече тапшырмасы бар:
Биз биринчи кезекте биздин кызматкерлердин ишмердиги үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана андан кийин гана контролдоо.
Биз кызматкерлерди жумуш ордунда ден-соолукка жана жашоого коопсуз абалда болууну үйрөтөбүз. Себеби эмгек ишмердиги ар дайым кызматкерге карата мүмкүн болгон коркунучтуу жана зыян өндүрүштүк факторлор менен коштолот.
Компаниянын кызматкерлерин коопсуз эмгекке кантип окутушат?
Эмгек мыйзамдарына ылайык, жумушка кабыл алынууда биздин компаниянын бардык келечектеги кызматкерлери кызмат ордунан көз карандысыз «киришүү инструктажынан» өтүшөт. Андан кийин «жумуш ордунда алгачкы инструктажды» өндүрүш шарттарында өтүшөт. Ошондой эле белгилүү мезгил ичинде инструктаждар кайталанат жана кызматкерлердин бири дагы эч нерсени унутпоосу жана өзүнүн ден соолугуна иш учурунда зыян келтирбөөсү үчүн көзөмөлдөө жүргүзүлөт.
Кызматтык көрсөтмөлөрдөн тышкары, кызматкерлер «Эмгекти коргоонун» алкагында коопсуздук техникасы боюнча көрсөтмөлөрдү изилдешет.
«Эмгекти коргоо» кызматы кызматкерлердин коопсуз эмгек шарттарын гана эмес, иш орундарынын, аймакка тиешелүү өндүрүштүк жайлардын санитардык абалын эана кызматкерлердин жеке гигиеналык абалдын эрежелерин сактоосун көзөмөлдөйт. Биздин компаниянын кызматкерлери үзгүлтүксүз түрдө медициналык кароодон өтүшөт жана белгилер ар биринин санитардык-медициналык китепчесине коюлат.
Административдик-башкаруу кызматкерлери менен тренингдер өткөрүлүп турат: жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча; өрт учурунда же табият кырсыгы болгон учурда жасоочу иш-аракеттер боюнча; мүмкүн болгон физикалык же электрдик травматизмди аныктоо боюнча; эмгекти коргоо боюнча пландык жана пландан тышкары иш-чараларды каттоону өткөрүү жөнүндө; ж.б.