Бонустарды топтоо шарттары

ПРОГРАММАНЫ СҮРӨТТӨӨ
2016-жылдын 1-майынан тарта «Народный» дүкөндөр тармагынын кардарлары үчүн жаңыланган лоялдуулук программасы старт алды.
Бул программага катышуунун натыйдасында топтоочу карталардын ээлери төмөнкүлөргө ээ болот:

  • Товарларга атайын арзандатуулар.
  • Бизден жана биздин өнөктөштөрдөн сатып алуу үчүн белектер.
  • Приздерди ойнотууга катышуу мүмкүнчүлүгү.
  • Атайын акциялар, арзандатуулар, ойнотуулар, конкурстар ж.б. жөнүндө жеке маалымат алуу.
  • Биз топтоочу карталардын ээлерин «Туулган күн» же «Карта ээсинин баласынын туулган күнү» сыяктуу өздүк майрамдарында куттуктайбыз жана атайын арзандатууларды жана белектерди беребиз.

КАНТИП ПРОГРАММАГА КАТЫШУУГА БОЛОТ?
Программага катышуу үчүн кардар каалаган «Народный» дүкөнүнөн топтоочу картаны алуусу зарыл. Топтоочу карта анкета толтурган учурда каалаган «Народный» дүкөнүндө акысыз берилет.
«Народный» соода үйү ЖЧКсы карталардын ээси тууралуу жеке маалыматтардын жарыяланбагына кепилдик берет.

ТОПТООЧУ КАРТА КАНТИП ИШТЕЙТ?
Бонустук карта сатып алуу учурунда кассада көрсөтүлөт. Кассир кардарга картасында канча бонус топтолгонун айтат, топтолгон бонустар менен төлөм жүргүзүүнү сунуш кылат.

БОНУСТАРДЫ ЭСЕПТӨӨ ЭРЕЖЕСИ
Бонустар 100 сомдук сатып алуу жүргүзүүдөн баштап эсептелинет. Бул суммадан төмөн болгон сатып алууга бонус эсептелбейт. Тамеки сатып алуу үчүн бонустар берилбейт, тамеки сатып алуу үчүн сумма акыркы суммага кошулбайт.

100ДӨН 100 СОМГО ЧЕЙИНКИ СУММАДАГЫ ЧЕКТЕР ҮЧҮН


100 сомдон 300 сомго чейинки сатып салуу үчүн кардардын картасына ар бир 100 сом үчүн 2 бонустан эсептелет.

 

300 СОМДОН 500 СОМГО ЧЕЙИНКИ СУММАДАГЫ ЧЕКТЕР ҮЧҮН


300 сомдон 500 сомго чейинки сатып салуу үчүн кардардын картасына ар бир 100 сом үчүн 3 бонустан эсептелет.

 

500 СОМДОН 1000 СОМГО ЧЕЙИНКИ СУММАДАГЫ ЧЕКТЕР ҮЧҮН


500 сомдон 1000 сомго чейинки сатып салуу үчүн кардардын картасына ар бир 100 сом үчүн 4 бонустан эсептелет.

 



1000 СОМДОН ЖОГОРУ СУММАДАГЫ ЧЕКТЕР ҮЧҮН


1000 сомдон жогору суммада сатып салуу үчүн кардардын картасына ар бир 100 сом үчүн 5 бонустан эсептелет.

 


БОНУСТАРДЫ КОЛДОНУУ
1 бонус =1 сом
Бонустар менен чектин жарымынан көп эмес суммасын төлөөгө болот.
МИСАЛЫ: картаңызда 900 бонус топтолгон. Сиз 600 сомдук сатып алуу жүргүздүңүз. Бул сатып алуу суммасынын жарымын, тагыраак айтканда 300 сомду топтолгон бонустар менен төлөй аласыз.

БОНУСТАРДЫН ЖАРАМДУУЛУК МӨӨНӨТҮ
Топтолгон бонустар 5 айдын ичинде колдонулушу зарыл! 5 ай аяктагандан кийин топтолгон бонустар күйүп кетет!