Лоялдуулук программасы

«Народный» дүкөндөр тармагынын кардарлары, биздин топтоочу карталардын ээлери атайын арзандатууларды, түрдүү акцияларга катышууга гана ээ болбостон, ошондой эле бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Карталардын ээлери автоматтык түрдө сатуучулар үчүн лоялдуулук программасына кошулат. Лоялдуулук программасына катышуу кардарга бонустарды топтоого мүмкүнчүлүк берет. Бонустар менен төлөм жүргүзүүгө болот, 1 бонус = 1 сом. Эң негизгиси бул программага катышуу үчүн топтоочу картаны толук акысыз түрдө алуу гана жетиштүү



Сиздин жана балдарыңыздын туулган күндөрүндө жагымдуу сюрприздер!

Биз туулган күн ээлерин туулган күнүндө жана бир күн калганда товарлардын майрамдык ассортиментине 30%дык арзандатуу берүү менен куттуктайбыз: жеке өндүрүштүн товарына, элиталык алкоголдук продукцияга жана майрамга арналган товарларга.
Эң маанилүүсү, биздин кардарлардын өздүк майрамында түрдүү жагымдуу белектерди тартуулаганыбыз. Мисалы, түрдүү көңүл ачуучу жайларга белек сертификаттар жана бренд дүкөндөгө купондор. Ошондой эле балдарыңыздын туулган күнүндө: биз балдарга арналган товарларга арзандатууларды беребиз жана биздин өнөктөштөрдүн жагымдуу сюрприздерин тартуулайбыз.

«Народный» дүкөндөр тармагында «Чоң сатып алуу»

Биздин дүкөндөрдө жасалган «Чоң сатып алууларды» ар дайым сыйлоого аракет кылабыз. Бул үчүн биздин кардарлар – карта ээлери белгилүү бир суммага сатып алуу жасоосу зарыл жана мындай сатып алуу жасаганы үчүн приз жана белек алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ар бир жолу түрдүү өнөктөштөр жана ар бир жолу түрдүү белектер. Көбүнчө бул күтүүсүздөн болот. Кассада төлөм жүргүзүп жатканда алдыңыздагы таблодо төмөнкү жазуу пайда болот: «Сизге атайын белек бар»!
Мисалы, 2017-жылы ар бир жумада биз «Элдик эстафета» деп аталган ойнотуу өткөрдүк. 300 сомдук сатып алуу жүргүзгөн учурда чекти лототронго салып, призди күтүү керек. Приздер майда тиричилик техникасы, жеке өндүрүштүн товарынын белек топтому болушу мүмкүн.

«Народный» дүкөндөр тармагынан «Атайын топтомдор»!

Бизге түрдүү жетишкендиктеги адамдар келгенин түшүнөбүз жана эске алабыз. Ошондуктан дүкөндөр тармагыбызда «Атайын топтомдор» программасы пайда болду. Бул программа көбүнчө 60 жаштан улуу кардарларга багытталган. «Атайын топтом – бул сатып алуу учурунда ага кирген товарларга колоссалдуу арзандатуу берилген товарлардын атайын тизмеси.

«Народный» дүкөндөр тармагынын 10дон 23 жашка чейин кардарлары үчүн «Combo-сунуштар»!

Жаштарга карата биздин тармакта түрдүү combo-сунуштар иштелип чыккан. «Мисалы, сэндвич жана суусундук сатып алууда, бул топтомго берилген жалпы арзандатуу 30%ды түзөт. Биздин combo-чечимдерибиз бар: суусундук плюс сэндвич же достордун компаниясы үчүн чечим, бир, эки же үч сэндвичти сатып алган учурда берилген арзандатуу.


Корутунду катары, урматтуу кардарлар, биздин дүкөндөрдүн форматтары тууралуу жакшы ой калышын каалап кетебиз. «Народный» дүкөндөр тармагы – бул ассортимент керектөөчүлөрдүн көптөгөн керектөөлөрүн камсыз кылган жана лоялдуулук программасы боюнча түрдүү акциялардын натыйжасында сатып алуулар кубаныч тартуулаган үйдөгү дүкөн.