Сатып алуулардын эрежеси

Урматтуу кардарлар!
  • Эгер биздин тармактан сапатсыз товар алсаңыз, аны кайтара аласыз же сапаттуусуна алмаштыра аласыз. Бул үчүн товарды жана чекти дүкөндүн администраторуна көрсөтүүңүз абзел. Эгер сиз товардын жараксыздыгын байкасаңыз жана чекти жоготуп алсаңыз, бирок сатып алууну топтоочу карта менен жүргүзгөн болсоңуз, биздин тармактын сall-борбору менен +996-312-900251 номери аркылуу байланышып, суроо-талап калтыра аласыз. Бир жумуш күнүнүн ичинде кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери сиз менен байланышат жана акча каражатын кайтаруу же товарды алмаштыруу маселесин чечүүгө жардамдашат.
  • Биздин кассирлер 60 жаштан улуу кардарларга, кош бойлуу айымдарга жана жаш балалуу кардарларга товарды салууга кубануу менен жардам беришет.
  • Баа көрсөтүлгөн баракчанын баасы менен кассадагы баа туура келбеген учурда, биз товарды баа көрсөткүчтө көрсөтүлгөн баада сатууга милдеттүүбүз.
  • Биздин дүкөндөрдө алкоголдук товарлар жана тамеки 18 жашка чыга элек жактарга сатылбайт.
  • Кызматкерлер одоно мамиле жасаган учурда же дүкөнгө байланышкан башка даттануу пайда болгон учурда, сураныч, бул тууралуу +996-312-900251 номери менен түз байланышка чыгып маалымат бериңиз: дүкөндүн дарегин, күндү жана саатты, бул абалга качан кабылганыңызды билдириңиз же даттанууңузду ар бир дүкөнгө коюлган «сунуш жана даттануу үчүн» тактасына калтырыңыз.