Корпоративдик кардарларга

Биз иштеп чыккан атайын программа, рынокто ким адилеттүү экенин билген, сапатты жана ишенимдүүлүктү тандаган, каражаттарын үнөмдөөгө кам көргөн уюмдарга жана мекемелерге кызмат көрсөтүүгө багытталган.
Эгер сиздин бизнесиңиз азык-түлүк товарларын көптөн жана үзгүлтүксүз алуу менен байланышкан болсо, эгер сиз буларга байланышкан чыгашаларды ылайыкташтырууну кааласаңыз, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүнү жана бардык керектүү документацияны алууну кааласаңыз жана биздин программа Сиз үчүн.
 
Корпоративдик кардар биринчи кезекте биз үчүн урматтуу бизнес-өнөктөш болуп саналат. Биз кардардын керектөөлөрүн аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Биздин ар бир корпоративдик өнөктөш төлөм жүргүзгөнү үчүн гана эмес, биздин компаниянын зоболосу үчүн дагы кам көргөнүбүздөн анын буйрутмасы максималдуу шарттарды аткарыла турганына ишенимдүү болушу зарыл.
Биздин корпоративдик кардарлардын ичинде биз заманбап форматтагы соода-сатык тармагында ишенимдүү өнөктөш болуп калган жергиликтүү жана чет элдик ишканалар жана уюмдар, көлөмдүү корпорациялар, мамлекеттик жана банктык түзүмдөр бар.
 
Биз «Народный» дүкөндөр тармагынын дүкөндөрүнүн корпоративдик кызмат көрсөтүү артыкчылыгын баалоону сизге дагы сунуш кылабыз:
 
  • ар бир кардарга индивидуалдуу мамиле;
  • товарга буйрутма берүү (факс боюнча, интернет аркылуу) жана төлөмдүн ыңгайлуу формалары (накталай, накталай эмес, кредиттик карта менен);
  • бардык керектүү документацияны берүү (счет-фактуралар, коштомо кагаздар, сертификаттар);
  • дүкөндө товарды сатып алууда кезексиз кызмат көрсөтүү;
  • Сиз кызыккан товарлар боюнча прайс-баракчаларды алуу мүмкүнчүлүгү;
  • азык-түлүк жан чарба товарларынын чоң ассортименти, кепилдик берилген сапат жана товардын жарамдуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө;
  • 5000 сомдон көп суммага сатып алуу жүргүзгөн учурда – корпоративдик кардарларга товарларды акысыз жеткирүү жүргүзүлөт;
Корпоративдик кардарлар менен жогору квалификациялуу адистер иш алып барат. Алар сизге бардык суроолорго жооп берет жана суроо-талаптардын ыкчамдыгын иштөөнү камсыз кылат.

Сизди кызыктырган бардык суроолорго корпоративдик кардарлар менен иштөө боюнча менеджер Баяманов Нурсултан жооп берет.

Байланыш каражаттары: +996 701 90 33 70; n.bayamanov@market.kg.

Корпоративдик кардарлар боюнча келишим