Социалдык жоопкерчилик

«Народный» соода үйү ЖЧКсы үзгүлтүксүз негизде «Кол Сунам» КБ жана «SOS-Детская деревня г.Бишкек» КФга ай сайын финансылык жардам көрсөтүп турат.

  • «Кол сунам» - бул оор түрдөгү физикалык жана менталдык жактан чектелген балдардын күндүз баруучу борбору.
  • «SOS-Детская деревня г.Бишкек» - Коомдук фонду – бул балдарга опеканын үй-бүлөлүк формасын жана коомдук жетимчиликти алдын алууну сунган коомдук фонд.

Жыл сайын 9-май “Жеңиш күнүнө” жана 1-октябрь “Карылар күнүнө” жакын “Палчандар” Коомдук бирикмесине жардам берилет. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин бирикмеси. Бул уюмга акча каражаты, бирикменин ар бир катышуучусу үчүн азык-түлүк берилет.

Ошондой эле биздин тармакта жаңы жылдын алдында «Кайрымдуулук тартуула» кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Кардарлар өз үйлөрүнөн физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн белек алып келсе же дүкөндөрүбүздөн сатып алса болот. Чогулган товар жана азык-түлүк республика боюнча уюмдарга берилет.

Ар бир дүкөндө акча каражатын чогултуу кутучулары жайгаштырылыган. Аларга акча каражатын калтыруу менен биздин кардарлар төмөнкү фонддорду өнүктүрүүгө жана колдоого чоң салым кошушат: «Help the children», «Кайрымдуулук үйү» и «Кызыл жарым ай».