“Ала-Тоо” аянтындагы балдарды коргоо күнү: Умай Групп” менен кубаныч тартуулаган майрам

“Ала-Тоо” аянтындагы балдарды коргоо күнү: Умай Групп” менен кубаныч тартуулаган майрам
02.06.2025  1-июнда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты чыныгы кубанычтын жана жомоктун борборуна айланды. Балдарды коргоо күнүн майрамдоо үчүн борбордун көптөгөн коноктору жана тургундары башкы аянтка чогулушту. “Умай Групп” компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын демилгесин колдоого кубанычта болду жана алар маанилүү иш-чаранын бир бөлүгү болгонуна сыймыктанат.
Globus, SPAR, “Народный” жана “Достор” борбордун башкы аянтына дүкөн гана ачпастан, сүйүктүү азыктар, жыпар жыттуу токочтор, балмуздактар, аниматорлор, флешмобдор жана белектер менен чыныгы майрамдык маанай түзүштү.
500дөн ашык балдар компаниядан белек катары таттуу азык-түлүктөрдү алышты. Эң негизгиси белек менен кубаныч жана жылмаю тартууланды
Биздин аниматорлор күлкү менен кубанычка толгон оюн-зоок программаларды көрсөтүп, балдарды чыныгы майрамдык көңүл ачууга чөмүлттү. Анткени, балдар биздин демибиз, эң чоң кубанычыбыз, жашообуздун мааниси жана келечегибиз.
"Биз бул иш-чаранын бир бөлүгү болуп, борбор калаанын тургундары менен конокторуна кубаныч тартуулаганыбызга кубанычтабыз. Мындай иш-чаралар өзгөчө маанай менен шаарыбызды жакындатат. Бул унутулгус күндү биз менен бирге өткөргөндөрдүн баарына ыраазыбыз", - деп белгилешти “Умай Групп” компаниясы.
  Жаңылыктардын тизмесине кайтуу