Майрам жакындады! “Умай Групп” 200 миң сом белек кылат!
Кыргызстандыктардын жүз миңдеген тургундары үчүн Globus, SPAR, “Достор” жана “Народный” дүкөндөрү көптөн бери күнүмдүк жана өзгөчө сатып алуулар үчүн ыңгайлуу гана эмес, сүйүктүү жана ишенимдүү жайга айланган. Бул дүкөндөргө адамдар иштен кийин муздаткычты толуктоо, чайга таттуулар алуу же жакындарын сүйүндүрө турган белектер үчүн киришет. Бул жерден оңой эле түшкү же кечки тамакты, ошондой эле дем алышка керектүү толук үй-бүлөлүк азык-түлүк баштыктарын чогултууга болот. Тейлөө бөлүмдөрүндө ар дайым жаңы жашылча-жемиштер, жыпар жыттуу даамдуу тамактар, үйгө керектүү майда азыктар – кыскасы, жашоону жеңилдетип, үйдү жылуу жана жайлуу кылууга көмөктөшөт. Баалар да эң жеткиликтүү.
Эми кадимки сатып алуулардын үстүнө дагы бир жагымдуу мүмкүнчүлүк кошулду – бул баалуу белектерди утуп алуу. Алардын катарында: 5000 жана 10 000 бонуска сертификаттар, “Мой О” сертификаттар, “Планета Электроники” дүкөндөр тармагынан сатып алууларга сертификаттар бар. Ошондой эле баалуу белектер катары муздаткычтар, телевизорлор, JBL колонкалары, “Алиса” яндекс станциясы, аэрогрилдер, кичи-духовкалар жана ноутбуктар ойнотулат. Башкы чоң утуш – 200 000 сом!
Байгелүү оюндар ар эки жума сайын өтөт. Демек, финалды күтүүнүн кереги жок – белектер көп жана ар түрдүү, ар ким өзүнө пайдалуу нерсени таба алат.Катышуу шарттары абдан жөнөкөй. 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 8-мартына чейин 1,5 литр Coca-Cola же Fanta суусундугу менен бирге 500 сомдон жогору суммага сатып алуу керек. Мындай сатып алуудан кийин касса автоматтык түрдө купон берет. Дал ошол купон оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Эч кандай кошумча каттоо же татаал кадамдардын кереги жок. Сатып алдың – жеңишке болгон бир кадам. Негизгиси – сатып алуу учурунда мобилдик колдонмону же дүкөндөрдүн картасын колдонуу.
Оюн өтүүчү күндөр: - 2025-жылдын 15 жана 29-декабрь, 12 жана 26-январь, 9 жана 23-февраль күндөрү өтөт.
Эң кызыктуу финалдык оюн: - 2026-жылдын 9-мартында өтөт. Дал ошол күнү 200 000 сомдун ээси аныкталат.
Акциянын өнөктөштөрү: Coca-Cola Кыргызстан, “Мой О” супераппы жана “Планета Электроники” дүкөндөр тармагы. Алардын биргелешкен деми менен утуш фонду ушунчалык көп жана ар түрдүү болду.
Globus, SPAR, “Достор” жана “Народный” дүкөндөрүнөн сатып алыңыз, купондорду жыйнап, кышты жакшы маанай менен тосуп алыңыз! Акция тууралуу толук маалыматты “Умай Групп” дүкөндөрүнүн расмий сайттарынан табасыз.
Майрам жакындады! “Умай Групп” 200 миң сом белек кылат! Жаңылыктардын тизмесине кайтуу