Жөн гана сандар эмес: Umai Group өтүп бараткан жылдын негизги жыйынтыктары жөнүндө
Жыл аягында жыйынтык чыгарып, жетишкендиктер жана көрсөткүчтөр менен бөлүшүү салтка айланган. Бирок биз баарынан маанилүүсүнөн — ыраазычылык сөздөрүнөн баштоону туура көрдүк. Ишенимиңиздер, тандооңуздар жана үй-бүлөңүздөр үчүн керектүү күнүмдүк сатып алууларды бизден алып турганыңыздар үчүн чоң рахмат! Келерки жыл ар бий үйгө бакубатчылык жана кубанычтуу учурларды алып келсин!
Бул жыл мазмундуу жана жигердүү өттү. Биз өнүгүп, жаңы дүкөндөрдү ачып, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы сатып алуучуларга жакын болууга умтулдук. “Умай Групп” тармактары 25 жаңы дүкөн менен толукталды. Бүгүнкү күндө бул: Кыргызстан боюнча шаарларда жана айылдарда жайгашкан 87 Globus дүкөнү, 13 SPAR супермаркети, 41 “Достор” дискаунтери жана 24 “Народный” дүкөнү.
Бул жерде күн сайын көнүмүш, бирок абдан маанилүү иш жүрөт. Өз өндүрүшүбүздө 350дөн ашык жаңы жана табитти ачкан тамак-аш түрлөрү даярдалат, 500гө жакын нан жана кондитердик азыктар бышырылат, жеткирүүлөр кабыл алынып, алардын сапаты жана ар түрдүүлүгү көзөмөлдөнөт. Дүкөндүн форматына жараша товарлардын түрдүүлүгү 1 500дөн 25 000ге чейин жетет — үй жана үй-бүлө үчүн керектүүнүн баары бар.
Мунун баары 7300дөн ашык кызматкер эмгектенген чоң команданын эмгеги. Бул — күн сайын ишке чыгып, сатып алуучуларды тосуп алып, соода залдарында, цехтерде жана кампаларда эмгектенген адамдар. Алар биргеликте күнүнө орто эсеп менен 270 миңдей сатып алуучуну тейлейт. Бул биз үчүн жөн гана сан эмес, күн сайын актоого аракет кылган чоң ишеним.
Биздин дүкөндөр дээрлик бүт өлкө боюнча, анын ичинде Нарын жана Жалал-Абад облустарында, деңиз деңгээлинен 3 000 метрден жогору аймактарда да иштейт. Соода жүргүзүү өзгөчө татаал, бирок жергиликтүү тургундар үчүн абдан маанилүү болгон аймактарда да сатып алуучуларга жакын боло алганыбыз менен сыймыктанабыз.
Бүгүн “Умай Групп” Кыргызстандын ири салык төлөөчүлөрүнүн рейтингинде 11-орунда турат жана өлкөнүн экономикасынын, аймактардын өнүгүшүнө зор салымын кошуп келет.
Бул жылды биз менен бирге өткөргөнүңүздөр үчүн рахмат. Келерки жыл ар бир үйгө жылуулук, туруктуулук жана эртеңки күнгө ишеним алып келсин. Биз сапатка, жеткиликтүү бааларга жана ар бир сатып алуучуга болгон камкордукка кепилдик берип мындан ары да сиздер үчүн иштей беребиз!
Келе жаткан Жаңы 2026-жыл майрамыңыздар менен! Жаңылыктардын тизмесине кайтуу