"Тойбосс" компаниясы

Биз тууралуу
«Тойбосс» компаниясы 2012-жылдан бери колбаса өндүрүп келет. Жакында эле анын ассортименттеринде тоок эти да пайда болду. Канаттуулар экологиялык жактан таза Балыкчы аймагында өздөрүнүн канаттуулар фабрикасында өстүрүлөт. Бардык продукциялар адал күбөлүгүнө жана ISO 22000, FSCC жана ХАССП эл аралык стандарттары боюнча күбөлктөргө ээ.


 
Компания кардарлар менен ачыктык принцибин жана “талаадан прилавкага чейин” принцибин карманат: дени таза мал адал стандарттары боюнча союла турган өзүнүн жеке касапканасы. 
Жаңы жабдуулар менен жабдылган завод, бул өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртат.

Касапкана
Сатып алуучулар малдын адал союлуусуна ишенимдүү болушу үчүн алар өздөрүнүн касапканасын куруп, ар бир кызматкерди КМДБда окутуп, Кочкор айылындагы фермерлер менен дени таза малды жеткирүү боюнча келишимдерди түзүшкөн.
     
  

Колбаса цехи
Цех өндүрүш цехине карата европалык талаптарды эске алуу менен курулган. Жабдуулар Франция, Түркия, Орусия жана Кореядан алынган. Бул электр энергиясын коротууну, калдыктарды жана зыяндуу чыгындылардын пайызын азайтты.
     
  

Лаборатория 17025 эл аралык стандартына ылайык аккредиттелген.
 


Сатып алуучунун дасторконунда дайыма коопсуз колбаса азыктары болушу үчүн чийки заттарга, даяр этти жана колбаса азыктарына күнүмдүк көзөмөл жүргүзүлөт.

Канаттуулар фабрикасы
Канаттуулар фабрикасы беш өзүнчө цехтен: инкубация, канаттуулар сарайы, касапкана, тоют заводу жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдон турат. Канаттуулар фабрикасындагы бардык процесстер автоматташтырылган. Канаттуулар адал азыктарынын талабына ылайык кол менен союлат. Канаттууларды табигый жана бордоп семиртүү үчүн кубаттуулугу саатына 10 тонна тоют чыгарган завод курулган.

  

Стандарттар боюнча иштөө
2017-жылы компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы союзунун техникалык регламенттерине ылайык, тамак-аш коопсуздугунун менеджмент системасынын жана ХАССП системасынын принциптерине ылайык иш алып барган ишкана катары таануу боюнча аудиттен өткөн, ошондой эле ISO 22000:2005, ISO/TS 22002-1:2009 жана FSSC 22000 талаптарына ылайык TÜV Thüringen e.V эл аралык уюму тарабынан тастыкталган. Өндүрүш да адал принциптерине ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын КМДБсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандарттары тарабынан тастыкталган.

Адал сертификаты
“Тойбосс” компаниясынын 3 адал сертификаты бар:


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы


Халал индустриясын өнүктүрүү борбору


«Халал Даму» ЖЧШ Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы