Кышкы чай жана ал эмнеси менен пайдалуу!

Кышкы чай жана ал эмнеси менен пайдалуу!
баштап 18.04.24 чейин 18.04.24
  • Имбирь чайы
Имбирден жасалган чай сергитүүчү өзгөчөлүккө ээ. Ал ойду тунутат жана анын натыйжасында интеллектуалдык эмгектин жана чыгармачыл кесиптин ээлерине сунушталат. Имбирдин тамыры канды суюлткандыктан көптөгөн чыгыш врачтары имбирдин шишикти алдын алуучу каражаттарга кошушат. Ошондой эле имбирь чайы тамак сиңирүүгө жардам берет жана теринин түсүнө абдан таасир этет. Лимон кошулган ысык имбирь чайы – бул сасык тумоонун алдын алуучу эң мыкты каражаттардын бири.
Курамы:
-1 л суу,
-3 аш. к. сүрүлгөн имбирь (же майда тууралган имбирь),
-3 аш.к. бал,
-бир чымчым талкаланган кара калемпир,
-1 лимон же апельсин,
тууралган жалбыз жалбырагы (каалоо боюнча).
Даярдоо:
Кайнаган сууга сүрүлгөн имбирди салабыз. Эки мүнөттөй кайнаган соң, чыныга чыпкалап алабыз. Андан кийин калемпир, лимон (апельсин), жалбыз жана бал кошобуз. Ысык боюнча беребиз.
 
  • Чычырканак чайы
Чычырканак – бул көлөмдүү витаминдердин запасына ээ баалуу дарылык өсүмдүк. Анда пайдалуу С витамини цитрус өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу 2 эсе көп жана Е витаминин буудай майына салыштырмалуу 2 эсе көп. Чычырканакта андан башка дагы витаминдер, ошондой эле антиоксиданттар жана теринин чың жана жаш болушуна жардам берген жарым каныктырылган май кислоталары бар, сезгенүүгө каршы күчтүү таасир этет. Чычырканак жана балдан жасалган чай – бул эң мыкты антидепрессант.
Курамы:
-150 г чычырканак,
-2 аш. к. кара чай,
-2 аш. к. бал,
-500 мл суу.
Даярдоо:
Чычырканактын мөмөсүн кылдаттык менен чайкап, 2/3 бөлүгүн кашык менен эзиңиз. Чайнекке чычырканак пюресин, калган мөмөнү жана кара чайды салыңыз. Үстүнө кайнак суу куюп, аны 10-15 мүнөткө дем алуусу үчүн ороп коюңуз. Даяр чайды чыныларга торду тосуп куюңуз, үстүнө бал кошуңуз. Бул суусундукту кара чай кошпостон дагы даярдоого болот.
 
  • Корица кошулган жалбыздуу Марокко чайы
Жалбыздуу чай – бул универсалдуу суусундук. Аны муздак жана ысык боюнча ичүүгө болот. Эртең менен ал сергектик берет, түштө күч кошот жана тамак сиңирүүгө жардам берет, ал эми кечинде идеалдуу эс алдырат. Биздин рецепт боюнча жалбыздуу марокко чайын даярдап көрүңүз.
Курамы:
-1-2 таякча корица,
-4 боо гвоздика,
-апельсиндин кабыгы,
-лимондун же лаймдын кабыгы,
-кургатылган имбирь (3 тилим),
-1 лайм,
-1-2 бөлүк күрөң шекер,
-жалбыз боосу,
-3 ч.к. кара жалбырак чай,
- 500 мл суу.
Даярдоо:
Апельсиндин жана лимондун кабыгын алыңыз, тилим кылып туураңыз. Жалбызды чайнекке салыңыз. Андан кийин чайнекке 2 таякча корицаны салып, ага гвоздиканы, апельсиндин жана лимондун кабыгын, тууралган лимонду жана имбирди, 2 бөлүк күрөң шекерди, жалбызды, 3 чай кашык чай салып, кайнак суу куюңуз. Чай даяр!
 
  • Бал кошулган ит мурун чайы
Ит мурун мөмөсү С витаминине жана тамак сиңирүүгө таасир эткен заттарга абдан бай. Бул чай организмдеги ашыкча холестеринди төмөндөтүүгө жардам берет. Биздин чайдын курамы аны иммунитетти колдоо үчүн эң мыкты каражатка айлантат.
Курамы:
-20 г ит мурун мөмөсү,
-15 г бал,
-5 г лимон ширеси,
-200 мл суу.
Даярдоо:
Ит мурундун кургатылган мөмөсүз эзип, кайнак суу куюңуз. Эмалданган идишде капкагы жабык абалда 10 мүнөт кайнатыңыз, андан кийин 10 мүнөттөй дем алуусуна убакыт бериңиз. Аны чыпкалап, бал жана лимон ширесин кошуңуз.
  • Жалбыз кошулган ромашка чайы
Ромашка чайы сезгенүүдөн арылтат, нерв системасын тынчтандырат жана уйкусуздуктун алдын алат. Ромашка кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт жана кант диабетинин өнүгүшүнө түрткү берген ферменттерди жок кылат. Ошондой эле жакында ромашка рак клеткаларынын өсүшүн басаңдатканы далилденди.
Курамы:
-1 ч.к. кара чай
-1 ч.к. ромашка гүлү
-1 ч.к. жалбыз
-1,5 стакан суу
Даярдоо:
Ромашкага, чайга жана жалбызга кайнак суу куюп, ан 10 мүнөттөй кармаңыз. Чайды чыпкалаңыз. Чайды берүүдө бал кошуңуз. Тизмеге кайтуу