Эртең менен тамактанбаган адамдар атеросклероз менен көп оорушат.

Эртең менен тамактанбаган адамдар атеросклероз менен көп оорушат.
баштап 26.04.24 чейин 26.04.24 Эгер киши эртең мененки тамактануудан баш тартса, ага күнү бою толук кандуу иштөө кыйын. Анын үстүнө эртең менен тамактанбаган, көбүнчө кечинде тамактангандар ашыкча салмактуулук менен жабыр тартып келишет.
Мадриддеги (Испания) Карлос III атындагы Улуттук жүрөк кан-тамыр илимий изилдөө борборунун адистери төмөнкүлөрдү далилдешти: эгер киши эртең менен тамактанбаса анда атеросклероздун өнүгүү тобокели эки эсе артат. Изилдөөлөр үч топко бөлүнгөн ыктыярчылардын жардамы менен өткөрүлгөн.
Биринчи топтун катышуучулары эртең менен тамактанышкан жок жана кофе же шире гана ичишкен. Экинчи топтун катуучулары эртең мененки тамактанууда төмөнкү калориялуу продуктуларды кабыл алышкан, ал эми үчүнчү топтун катышуучулары жогору калориялуу продукту кабыл алышкан. Экспериментке төрт жүздөн ашуун адам катышкан. Эртең менен тамактанбаган, ошондой эле төмөн калориялуу продукту кабыл алган адамдарда атеросклероздун белгилери байкалган.
Ошондой эле, эртең менен тамактанбаган адамдарда белинин көлөмү чоң болуп, кан-тамыр басымы, майдын жана кандагы канттын көрсөткүчү жогору болгон. Диетологдор эртең мененки тамак жогору калориялуу болушу жана белокторду камтышы зарыл деп эсептешет. Мисалы, эртең менен жашылча кошулган омлет же жумуртка; йогурт, эт жана жашылча менен дан өсүмдүктөрүнөн жасалган буламык, ошондой эле мөмө же кургатылган жемиштер кошулган мюсол жеген пайдалуу. Тизмеге кайтуу