ЭЛ-инспектор

Кымбаттуу кардар, биз сиз үчүн күн сайын мыкты, пайдалуу жана ыңгайлуу болууга умтулабыз! Биздин иш жөнүндө сиздин пикириңиз биз үчүн абдан маанилүү. «ЭЛ-инспектор» долбооруна катышып биздин команданын мүчөсү болуңуз.
 
* Долбоорго катышкандарга акы төлөнөт.
 
Долбоордун (ЭЛ-инспектор) катышуучулары бизге дүкөнгө соода кылуу үчүн келип, ошол эле учурда дүкөндү текшерүү жүргүзүшөт.
 
Бул кандай иштейт?

Эгер сизди долбоорго катышуу кызыктырса, бизге (WhatsApp, Telegram) +996 701 555 805 номуруна «Вы искали именно меня» деген коддуу фразаны жөнөтүңүз.
 
Андан кийин:
 
  • Сиз дүкөнгө соода кылуу үчүн келесиз;
  • Сатып алууларды жасоодо текшерүү баракчасына ылайык соода залдарын сүрөткө тартасыз (буга шилтемени биз сиздин статусуңузду «ЭЛ-инспектор» катары ырастагандан кийин жөнөтөбүз).
  • Текшерүү баракчасын толтургандан кийин (WhatsApp, Telegram) +996 701 555 805 номуруна “Текшерүү аяктады” деген текст менен дагы бир билдирүү жөнөтөсүз;
  • Биз: «Спасибо, задание выполнено!!» деп жооп бергенден кийин топтоочу картаңызга 300 бонус чегерилет. 1 бонус = 1 сом.
Дүкөн текшерүү деген эмне?

Бул дүкөндүн тармактын стандарттарына ылайык келиши. Текшерүү үчүн дүкөнгө барып, текшерүү баракчасына ылайык сүрөттөрдү тартуу керек. Текшерүү баракчанын үлгүсү.
 
Текшерүүдөн мурун:
 
  • Планшетиңизди же смартфонуңузду даярдаңыз;
  • Топтоочу картасын жаныңызга алыңыз;
  • Текшерүү баракчасын жакшылап карап чыгыңыз.
Текшерүүдөн мурун текшерүү баракчасын басып чыгаруунун кереги жок, жөн гана өзүңүз менен телефонуңузду алып, текшерүү баракчасын карап, мисалда көрсөтүлгөндөй сүрөт тартыңыз.
 
Маанилүү!
 
  • Текшерүү жүргүзүү учурунда кассадан алган чекке ылайык текшерүүнүн убактысын жана датасын белгилөө;
  • Сүрөттөр текшерүү баракчасында көрсөтүлгөн тартипте жөнөтүлүшү керек;
  • Сүрөттөр сапаттуу, бозорбогон, тунук жана даана көрүнүп турушу керек. Сүрөттөрдүн түсү өзгөрбөшү кажет жана фильтрленбеши керек;
  • Үйгө келгенден кийин 5 сааттын ичинде анкетаны толтуруңуз.
Кандай учурда отчётуңуз кабыл алынбашы мүмкүн?
 
  • Отчётто үчтөн ашык сүрөт болбосо;
  • Сүрөттөр сапаты начар жана алар боюнча баалоого болбойт;
  • Сүрөттөр текшерүү баракчасынын тартибинде жайгашкан эмес;
  • Анкета толтурулган эмес.
«ЭЛ-инспектор» программасынын катышуучусунун суроолоруна жооптор

«ЭЛ-инспектор» программасына кимдер мүчө боло алышат?
 
  • Дүкөндүн мурунку жана азыркы кызматкерлери катышууга болбойт;
  • Катышуучуда дүкөндөр тармагынын топтоочу картасы болушу керек жана дүкөндөн айына 2 жолудан кем эмес сатып алууларды жүргүзүшү керек.
Текшерүү канча убакытка созулат?
 
  • Орточо текшерүү 20 мүнөткө созулат.
Программанын катышуучусу канча жолу текшерүү жүргүзө алат?
 
  • Катышуучу айына бир жолу текшерүү жүргүзө алат.
Текшерүү баракчасын ача албай жатам, эмне кылышым керек?
 
  • Текшерүү баракчасы ачылбаса, авторизациядан өткөнүңүздү текшериңиз. Сурап-​​билүү телефону: +996 701 555 805.
Дүкөндүн кызматкерлери мага байланышка чыкты, мен эмне кылышым керек?
 
  • Кызматкерлер менен кат жазышууга болбойт. Өз ара аракеттенүүгө аракет кылганы боюнча дароо бизге кабарлаңыз. Байланыш телефону: +996 701 555 805.