Жаңы жылдык майрам учурунда кантип форманы сактоо керек!

Жаңы жылдык майрам учурунда кантип форманы сактоо керек!
баштап 04.05.24 чейин 04.05.24 Бүгүн биз силер менен жаңы жылдык майрам учурунда кантип форманы сактоо керектигин бөлүшөбүз.

Тамактануунун алдында суу ичиңиз!
Тамактануудан 20 мүнөт мурун бир стакан суу же чөп чай ичиңиз. Суюктук ашказанд толтуруп, аппетитти төмөндөтөт.

«Бирөөгө экөө» эрежесин сактаңыз
Бул эреженин автору белгилүү америкалык кулинар Делиманс. Анын мааниси майлуу жана калориялуу тамакты жашылчадан жасалган тамак менен кабыл алуу сунушталат. Мындай дуэт тойгонго жана муну менен бирге мүмкүн болгондон аз калория кабыл алганга жардам берет.

«Терс калорияларды» эске сактаңыз
Майрамдын столдун продуктуларынан фигурага келген зыянды төмөндөткөн продуктулар «терс калориялуу» продуктулар деп аталат.
Булар капуста, сабиз, түстүү капуста, буурчак, ашкабак, сельдерей, бадыраң, сарымсак, пияз, ачуу калемпир, татымалдар (райкан, тимьян, розмарин, калемпир, орегано ж.б.), ошондой эле алма, грейпфруттар, лимон, апельсин, киви.

«Туура» суусундуктарды тандаңыз
Шарап и шампанское – бул майрамдык столдун идеалдуу суусундуктары. Себеби алар тамак сиңирүүнү тездетет жана зат алмашууну жакшыртат.
Анын үстүнө шарап жана шампанское күчтүү суусундуктарга салыштырмалуу аз санда калорияны камтыйт.
Тамактануудан кийин сөзсүз түрдө лимондун бөлүгүн жеңиз
Лимон кислотасы майлардын тез арада эрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Лимон организмден токсиндерди жана шлактарды чыгарат.

«Бошотуучу» күндү унутпаңыз
Майрамдын эртеси күнү аны улантууну каалайсыз. Себеби майрамдан көптөгөн даамдуу тамактар калды! Жок! Өзүңүздү болгон күчүңүз менен кармаңыз! Өзүңүздү бошотуучу убакыт келди
Сизге айран, алма, апельсин же грейпфрут ширеси керек!

Ароматтар
Кипаристин, кызыл карагайдын, мускат жаңгагынын, арчанын, розмариндин, жашыл алманын жана бардык цитрус өсүмдүктөрүнүн жыты аппетитти төмөндөтүүгө жөндөмдүү. Эгер алардын бирин тамактануудан 10 мүнөт мурун жыттасаңыз, көп тамактанууну каалабай каласыз. Ток болуу сезими столго олтурганга чейин эле пайда болот. Тизмеге кайтуу