«Народный» соода үйү ЖЧКсы Келишимдерди КР колдонуудагы мыйзамдарынын, анын ичинде КР Жарандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун талаптарына ылайык түзөт.
Берилген продукцияга коюлган талаптар:
- Товарлар жана алардык таңгактары КР мыйзамдарынын жана Тармактын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
- Товарлар жана таңгактар Берүүчү менен Тармактын ортосунда макулдашылган үлгүгө ылайык келүүгө тийиш;
- Товарга КР аймагында сатууга уруксат берилген, камакка, күрөөгө коюлган эмес, үчүнчү жактардын укугуна өткөрүлүп берилген эмес;
- Товардын жарамдуулук мөөнөтү ал Тармакка берилген күнү товардын белгиленген жарамдуулук мөөнөтүнүн 85%нан төмөн болбошу зарыл;
- Ушундай эле (окшош) товарлар башка берүүчүлөр тарабынан Тармакка жетиштүү көлөмдө берилбейт;
- Тармактын ылайыктуу форматындагы дүкөндөрдүн ассортименттик матрицасында бош орундун болушу;
- Берүүчү кардарлардын товарга болгон керектөөсүн тастыктаган маркетингдик жана башка изилдөөлөр боюнча маалыматты берүүсү жана аны Тармактын дүкөндөрүндө сатуунун экономикалык натыйжалуулу тууралуу корутунду чыгара ала турган негиздүү эсеби болуусу зарыл;
- Товар тийиштүү форматтагы дүкөндөрдө Тармактын маркетингдик жана баалык саясатына туура келет.
Келишим түзүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
ЖЧК жана башка юридикалык жактар – төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү:
ЖЧК жана башка юридикалык жактар – төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү:
- Устав;
- Келишимге кол коючу директорду дайынтуу жөнүндө чечим (буйрук);
- Салыктык каттоо мүнөздөмөсүнүн параметрлери;
- Бар болсо КНС боюнча каттоосу;
- Документтер директор же башка бухгалтер тарабынан юридикалык жактын колу же мөөрү менен тастыкталуусу зарыл;
- Директордун жана башкы бухгалтердин ID-картасынын (паспортунун) көчүрмөсү;
- Эсеп тууралуу банктан алынган справка.
Күбөлүк боюнча иштеген жеке ишкерлер – физикалык жактар төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн:
- Салык төлөөчүнүн ишмердигинин мүнөздөмөсүнүн параметрлери;
- КНС боюнча каттоо, бар болсо;
- Документтен «ЖИ» менен күбөлөндүрүлүүсү жана мөөр менен тастыкталуусу зарыл;
- ЖИ ID-картасынын (паспортунун) көчүрмөсү
- Эсеп тууралуу банктан алынган справка.
Патент боюнча иштеген жеке ишкерлер – физикалык жактар төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн:
- Патенттин көчүрмөсү жана ЖИ ID-картасынын (паспортунун) көчүрмөсү
- Эсеп тууралуу банктан алынган справка.